Милиция кызматкерлери иттин тиштегенинен жабыркаган кызга тез жардам көрсөтүштү. Окуя 10-июлда Чүй облусунун Новопокровка айылында болуп, «Жаштар ордосу» постунда патрулдук кызматкерлер кызмат өтөп жатышкан. Аларга кыздын ата-энеси кайрылып, кыздарынын жанына ит тиштеп, эсинен танып калганын билдиришти.

Милиция кызматкерлери жабыркаган кызды ата-энеси менен бирге жакынкы ооруканага кызматтык унаа менен жеткиришти. Дарыгерлер кызга тез арада керектүү медициналык жардам көрсөтүштү, учурда анын өмүрүнө жана ден соолукка эч кандай коркунуч жок.