Кыргызстанда «ШОС өлкөлөрүндө жашыл энергетика: стратегия, жөнгө салуу жана келечек» аттуу жыйнак илимий монография жарыкка чыгууга даярдалып жатат. Бул ишке Шанхай кызматташтык уюмунун бардык мүчө өлкөлөрүнүн илимпоздору катышууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги Асылбек Айдаралиев ШОС өлкөлөрүнүн академиктеринин III Форумунун жыйынтыктарына арналган маалымат жыйынында билдирди.
Академик жаңы чыгарылыш илимпоздордун биргелешкен аракеттеринин жыйынтыгы болуп, «жашыл» энергетиканын өнүгүшүнүн негизги аспекттерине, заманбап технологияларга жана бул тармактын ШОС өлкөлөрүндөгү келечегине көңүл бурула турганын белгиледи.
«Жакын арада “ШОС өлкөлөрүндө жашыл” энергетика: стратегия, жөнгө салуу жана келечек» аттуу жыйнак илимий монография жарыкка чыгат. Бул чыгарылышка ШОС өлкөлөрүнүн бардык илимпоздорунун жашыл энергетиканы өнүктүрүү маселелерине арналган илимий макалалары кирет», - деп баса белгиледи Айдаралиев.