Бишкекте, Кок-Жар турак жай массивинде, экологиялык нормаларды ашкан унааларды аныктоого багытталган рейддер өткөрүлдү. Иш-чаралар Бишкек шаарындагы абанын сапатын жакшыртуу максатында Табигат министрлигинин маалымат кызматы тарабынан уюштурулду.
Текшерүүлөр экотехнадзор кызматынын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү. Адистер унааларды кылдаттык менен анализдеп, мыйзам бузгандарды аныкташты.