Кыргызстандын Министрлер кабинети «Коргоо министрлигинин Аскердик спорт клубу» мамлекеттик мекемесинин атын «Коргоо министрлигинин Борбордук аскердик спорт клубу» деп өзгөрттү. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тарабынан кол коюлган токтом аскер кызматкерлеринин физикалык, спорттук жана аскердик даярдыгын жакшыртууга, ошондой эле Коргоо министрлигинин спорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган.

Жаңы токтомдун алкагында Борбордук аскердик спорт клубунун жобосу бекитилип, анда жаңы иш багыттары белгиленген. Ошондой эле, мекеменин ишине байланыштуу бир нече мурдагы токтомдор күчүн жоготту деп таанылды.