Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жана Италиянын айыл чарба техникасын өндүрүүчүлөрдүн Улуттук федерациясы FederUnacoma өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол койду. Бул документ айыл чарба механизациясы, заманбап агротехнологияларды киргизүү жана Кыргызстандагы агроөнөр жай комплексин модернизациялоо үчүн биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.
Жолугушуунун жүрүшүндө агрардык сектордун техникалык жаңылануу, айыл чарбаны санариптештирүү жана айыл чарба техникасын биргелешип өндүрүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча негизги аспекттер талкууланды. Катышуучулар Кыргызстан менен Италиянын агрардык тармагында кызматташтыкты кеңейтүүгө, тажрыйба алмашууга жана заманбап технологияларды киргизүүгө кызыкдар экенин билдиришти.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы менен FederUnacoma ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандуму кол коюлду. Бул келишим эки өлкөнүн агрардык тармак өкүлдөрүнүн ортосунда өнөктөштүктү бекемдөөгө жана активдүү өз ара аракеттенүүгө шарт түзөт.
Жетишилген келишимдерди ишке ашыруу Кыргызстандагы айыл чарбаны модернизациялоо процессин тездетүүгө жана агроөнөр жай өндүрүшүндөгү натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берет.