
7-июлда «Манас» эл аралык аэропортунда Tez Jet компаниясынын авиалайнери Бишкектен Ошко учуп бара жаткан учурда инцидент болду. Бул окуянын натыйжасында Кыргызстандын Граждандык авиация агенттиги авиакомпаниянын лицензиясын жокко чыгаруу чечимин кабыл алды. Тийиштүү маалымат «Кыргызстандын аэропорттору» ААКсы тарабынан жарыяланды.