
Кыргызстандын президентинин алдындагы инвестициялар боюнча улуттук агенттик жана казакстандык Alvarez & Marsal Kazakhstan компаниясы өз ара түшүнүшүү меморандумун түзүштү. Бул документ өлкөгө чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.