Орусия 10-июлда украин дрондорунун чабуулдарынан кийин Дон дарыясын Азов деңизи менен байланыштырган жана анын ичинде дан экспорту үчүн колдонулган Азов-Дон деңиз каналындагы кемелердин каттамын токтотту. Бул тууралуу Reuters агенттиги дан тармагындагы эки булакка шилтеме берүү менен жазды. Булактар кемелердин каттамы качан кайра жанданышы мүмкүн экенин айтышкан эмес.10-июлга караган түнү украин дрондору Ростов облусундагы Азов, Таганрог шаарларын, ошондой эле Азов жана Матвеев-Курган...