Кыргызстан жана Өзбекстан спорт тармагында кызматташтыкты бекемдешет


Мамлекеттик физикалык культура жана спорт агенттигинин директору Урмат Асанбаев Өзбекстан спорт министрлигинин делегациясы менен жолугушту, делегацияны министрдин кеңешчиси Шарифжон Муминджанов жетектеди. Жолугушуунун максаты спорт тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулоо болду.