Кечээ Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиевдин Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушуусу болду. Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын жана АКШнын бажы тармагындагы кызматташтыгынын учурдагы маселелери жана келечеги талкууланды, ошондой эле өз ара кызыкчылыкка ээ темалар боюнча биргелешкен ишти өнүктүрүү маселелери каралды.
Талкуунун негизги багыттарынын бири - ядролук жана радиоактивдүү материалдардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы программаларды кайра жандандыруу болду. Кыргыз тарап радиациялык контролдоо үчүн техникалык ресурстарды жаңылоого, кадрларды квалификациясын жогорулатууга жана кооптуу материалдарды аныктоо жана токтотууга көмөктөшүүчү заманбап технологияларды киргизүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматы менен Америка Кошмо Штаттарынын Бажы жана чек ара кызматы арасында түз жумушчу байланыштарды орнотуу зарылдыгы айтылды. Тараптар маалымат алмашуунун эффективдүү механизмдерин, укуктук жана административдик жардамды жакшыртуу, ошондой эле транснационалдык кылмыштуулукка жана товарларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөштө күч-аракеттерди координациялоону талкуулашты.