Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тышкы карыздын көлөмү боюнча түшүндүрмө берип, кооптонууга негиз жок экенин айтты. Бул тууралуу “Акипресс” агенттигине курган маегинде тышкы карызды өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн көлөмүнө жараша баалоо керектигин белгилеген.“Мурдагы карыздардан айырмаланып азыркы карыздар ири долбоорлорго даректүү жумшалып жатат. Келечекте өзүн жабат, бюджетке күч келтирбейт. Мурдагы карыздар кумга сиңген суудай болуп кеткен. Же бир көзгө көрүнөрлүк ири долбоор...