Президент Садыр Жапаров калк үчүн тарифтерди, жыйымдарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жогорулатууга убактылуу мораторий киргизди. Бул тууралуу жарлыкка кол койгону 10-июлда жарыяланды.Мындай мораторий бир жылдык мөөнөткө киргизилди жана анын максаты жарандардын кызыкчылыктарын коргоого, үй-бүлөлүк бюджеттердин туруктуулугун сактоого жана калкка кошумча финансылык жүктүн түшүшүнө жол бербөөгө багытталган.“Мораторий күчүндө болгон мезгилде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу...