ОАО «НЭСК»тын Бишкектеги филиалы «Дордой» базарындагы ишкерлердин электр энергиясын өчүрүү боюнча арыздарына комментарий берди. Уюм электр энергиясы ушул базарга эки булак аркылуу берилерин белгиледи — ОсОО «Электросила» тармактары жана Бишкек электр тармактары.

БПЭСтин өкүлдөрүнүн айтымында, электр энергиясындагы үзгүлтүктөр ОсОО «Электросила» тармактарына туташкан гана кардарларды камтыйт. Өчүрүүлөрдүн себеби ушул уюмдун жоопкерчилигиндеги кабель линиясынын бузулушу болду.