Бишкектин Ленин райондук сотунда камактагы активист Тилекмат Кудайберген уулунун ишин карап жаткан судья Болотбек Абдуллаев каза болуп калгандан улам, ишти башка судья Уланбек Туманбаев карап баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” активисттин атасы Кудайберген Күрөңов билдирди.10-июлдагы кароо башталганга чейин Тилекмат Кудайберген уулу өзү да журналисттерге учкай комментарий берип, ага тагылган айыптардын баарын мойнуна албай турганын айтты.Отурумда сот иштин материалдары менен таанышып чыкканын...