
Кыргыз футбол союзунун судьялар комитетинин жыйынында Кыргызстандын футбол чемпионатынын экинчи айлампасына арбитрларды даярдоо маселеси талкууланды. Жыйын комитеттин мүчөлөрү, КФСтин башкы катчысы Медербек Сыдыков жана судьялар департаментинин өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.