Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев бул калаадагы “КелБил” мектебинин ижара маселеси чечилгенин 11-июлда социалдык тармактар аркылуу билдирди. Ал имарат ээси, ишкер Назгүл Жолдошова жана мектеп ээлери менен жолугушканын маалымдады.“Биз мунасага келдик. Бул үчүн ишкер Назгүл Жолдошовага ыраазычылык билдирем. Анткени ортодогу келишим 2026-жылдын 26-майына чейин түзүлгөн. Бул жагынан алганда Жолдошованын имараттан чыгарганга юридикалык укугу бар. Биз үч жолу жолугушууга чакырып, ушул маселеде мен...