Легендарлуу парламенттин депутаты Насирдин Юсупов жана анын үй-бүлө мүчөлөрү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери басым кылып, мүлкүн тартып алганын айтып чыкты. Президент Садыр Жапаровго жолдонгон кайрылууда Бишкектин “Айчүрөк” соода борборунун алтынчы кабатындагы соода аянты жөнүндө сөз болгон.Насирдин Юсупов депутаттыктан кеткенден кийин 1995-жылы анын жубайы соода жайынын бир бөлүгүн, тагыраагы, “Ала-Тоо” ачык акционердик коомунун 8,8% акциясын ачык аукцион аркылуу...