Бүгүн, 11-июлда, саат 10:30да Бишкек шаарында, Фучика көчөсү 38 дарегиндеги 12 кабаттуу турак үйдүн курулуш объектинде өрт чыкты. Окуя сегизинчи кабатта сварка иштеринин учурунда болуп, 5 литрлик растворитель (вайт-спирит) бар контейнер күйүп кетти. Өрт тез арада өчүрүлдү, жабыркагандар жок.
Мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролунун адистери окуя болгон жерде текшерүү жүргүзүштү. ОсОО «Приемум Хоум» курулуш компаниясына коопсуздук чараларын күчөтүү жана өрт коопсуздугу эрежелерин катуу сактоо боюнча эскертүү берилди.