Франция өкмөтү биринчи жолу аномалдуу ысыкка байланыштуу Orsec өзгөчө кырдаалдарга жооп берүү планын ишке киргизди. Мында май айынан бери жогорку температуралардын үчүнчү толкуну уланууда, деп билдирет Euronews.
Бул план максималдуу, "кызыл" деңгээлдеги метеорологиялык коопсуздук белгиленген департаменттерде колдонулат. 11-июлга карата мындай эскертүү 24 департаментти камтыйт, 59 башка региондо "сары" деңгээл иштөөдө.