Казакстандын Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба комитетинин төрагасы Серик Сермагамбетов Каспий деңизиндеги аюу балыктардын (тюлень-ред.) жапырт кырылышынын жаңы себебин жарыялады.Анын айтымында, жаныбарлардын жапырт кырылышына суу астындагы жер титирөөлөрдөн улам бөлүнүп чыккан газдар себеп болгон. Текшере келгенде аюу балыктардын жугуштуу ылаңга чалдыкпаганы аныкталган. Сермагамбетов аюу балыктардын тарпын Казакстандын жээгине башка өлкөлөрдөн шамал айдап келиши мүмкүн экенин...