Көп күнгө созулган муссондук жаан-чачындардын айынан жүргөн сел жана жер көчкү Бангладештин түштүк-чыгышында кеминде 44 адамдын өмүрүн алды.Рейтер агенттиги жергиликтүү бийликке шилтеме берип жаратылыш кырсыгынын айынан 1 миллиондон ашуун адам жана 267 918 үй-бүлө сырткы дүйнөдөн бөлүнүп калганын жазды. Жолдордун жуулуп кетиши жана көпүрөлөрдүн бузулушу кырсыктан жабыркаган аймактарга гуманитардык жардам жеткирүү иштерине тоскоолдук жаратты. Аскер кызматкерлери обочодо калган калктуу...