Таласта көп кабаттуу үйлөрдүн фасаддарын жаңылоо боюнча иштер башталды, бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Бул долбоордун алкагында 63 көп кабаттуу имараттын фасаддарын капиталдык оңдоо каралган.
Долбоорду Талас облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев баштаган жана президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашырылууда.