Кризистик борборунун «Шанс» өкүлдөрү эмгек министри Канат Сагынбаев менен социалдык кызматкерлерге айлык акынын төлөнбөй калуусу маселесин талкуулашты. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин маалымат кызматынан кабарланды.
10-июлда жарандарды жеке кабыл алуу учурунда жолугушуунун катышуучулары, зомбулукка учураган аялдарга жардам көрсөтүүгө багытталган долбоорго катышкан адистер үчүн айлык акылардын кечиктирилиши боюнча өз кооптонууларын билдиришти. Долбоор Эмгек министрлигинин мамлекеттик социалдык заказдарынын алкагында ишке ашырылууда.