11-июлда Балыкчы шаарында, 20636-аскер бөлүгүнүн аймагында, генерал-майор Иван Панфиловдун ысымындагы 8-гвардиялык мотострелковая дивизиясынын жана ошол бөлүктүн 85 жылдыгына арналган салтанаттар өттү. Иш-чара Коргоо министрлигинин колдоосу менен уюштурулду.
Салтанатка Коргоо министри Руслан Мукамбетов, Балыкчы шаарынын мэри Баатырбек Жантаев, ошондой эле мамлекеттик структуралардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери, аскер кызматкерлер жана алардын үй-бүлөлөрү катышты.
Салтанаттык бөлүк аскер кызматкерлеринин сапка туруусу жана 8-гвардиялык мотострелковая дивизиясынын жана 23-гвардиялык мотострелковая бригадасынын Жоокердик желектерин алып чыгуу менен башталды. Андан кийин Кыргызстандын Мамлекеттик гимни жаңырды.
Коргоо министри аскер кызматкерлерин жана ардагерлерди юбилей менен куттуктап, дивизиянын баатырдык жолун белгиледи. Ал Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө жоокердик салттарды сактоонун жана муундардын улантылышынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Куттуктоо сөздөрү менен Балыкчы шаарынын мэри жана шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы да чыгып, аскер кызматкерлерине жана ардагерлерге алардын кызматтары жана өлкөнүн коопсуздугуна кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиришти.
Салтанаттык бөлүктө ведомстволук жана коомдук сыйлыктар, ардак грамоталар, эстелик жана баалуу белектер мыкты аскер кызматкерлерине, ардагерлерге жана жарандарга тапшырылды.
Мерекелик программа бөлүктөрдүн маршы, Аскердик оркестрдин коштоосунда аскер кызматкерлеринин көрсөтмө чыгыштары, кол күрөшү жана чалгындоо бөлүгү даярдаган тактикалык эпизоддун көрсөтмөсү менен улантылды.
Ошондой эле коноктор үчүн Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн заманбап курал-жарактары жана аскердик техникасынын көргөзмөсү уюштурулду.
Юбилейдик иш-чаралар 8-гвардиялык мотострелковая дивизиясынын жана 20636-аскер бөлүгүнүн тарыхы тууралуу документалдык фильмдин көрсөтүлүшү жана Улуттук гвардиянын чыгармачыл жамаатынын майрамдык концерти менен аяктады.