Орусиянын Краснодар крайында мугалимдерди айдоочуларды тынчтандыруу үчүн май куюучу жайларда (АЗС) нөөмөткө турууга мажбурлап жатышат. Мындай көрсөтмөнү Динск райондук администрациясы мектептерге жөнөткөн. Педагогдор эмгек өргүүсүндө болсо да май куюучу жайларга барып, тартипти көзөмөлдөөгө тийиш. Бул үчүн аларга акысыз чай жана кофе берилет.Социалдык тармактарда бул буйрук катуу нааразычылык жаратты, мугалимдердин өздөрү да нааразы болушууда. «Антиджоб.нет» Telegram каналы мугалимдердин...