Жол кырсыгынын натыйжасында Екатеринбургдун жанында эки кыргызстандык оор жаракат алды. Жаракат алган адамдардын туугандары Kaktus.media редакциясына кайрылып, окуяга көңүл бурууга жардам сурашты.
Алардын айтымында, кыргызстандыктар тобу Екатеринбургго жүк ташып баратып, жолдун четинде токтоп, тамактануу үчүн отурушкан. Ошол учурда жүргүнчүлөр автобусы жолдон чыгып, адамдарды уруп кеткен.