Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Транспорт министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан жолдун курулушу кечеңдеп жатканын сындады. Акаев курулуш жүрүп жаткан жолду көрүп, куруучулар жана тиешелүү жетекчилер менен жолугушкан. Сөз болгон жол Ош- Ноокат-Баткен-Разаков шаарларын бириктирген негизги эл аралык жолдордун бири. Бул жолдон күнүнө миңдеген унаалар каттап турат. Жапалак айыл аймагын аралап өтүп, Ошко кирүүчү негизги жол болуп эсептелинет.Калаа башчысы Транспорт министрлигинин Оштогу...