“75чилердин каты” деген ат менен таанымал иш боюнча айыпталуучулардын бири – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна даттанарын билдирди. Бул тууралуу ал 11-июлда “Азаттыкка” маалымдады. “Райондук соттун чечимин алдык. Таанышып чыктым. Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз сөзсүз берилет”, - деди Айткулов. 2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту “75чилердин каты”...