Орусиянын аскерлери 11-июлда күндүз Сумы шаарынын Заречный районуна абадан бомба таштады. Акыркы маалыматтар боюнча, кеминде беш адам каза болуп, 30у жараат алды. Каза болгондордун арасында бала бар. Полициянын маалыматында, сокку урулган тушта аялдамада турган 13 жаштагы кыздын өмүрү кыйылган.Сумы облустук администрациясынын башчысы Олег Григоровдун билдиришинче, аралыктан башкарылуучу эки авиабомба жолду жана коомдук транспорт токтоочу аялдаманы кыйраткан. Ал жерде жай тургундар,...