Кыргыз элинин фольклордук мурасы өтө бай. Аны жазуу-сызуу өнүккөн XX кылымга чейин өнөрлүү адамдар жеткирип келген. Ушул кылымда кыргыздар дүйнөлүк интеграцияга батыл аралашып, опера, балет, профессионалдык театр сыяктуу искусствонун биз үчүн жаңы формалары пайда болду.