Чолпон-Атада Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери оор Квинке шишиги менен жабыркаган эркекке жардам берип, аны ооруканага жеткирип, өмүрүн сактап калышты.

Патрулдук милиция башкармалыгынын маалымат кызматы билдиргендей, 11-июлда эртең менен Совет көчөсүндө патрульдөө учурунда LiXiang L7 унаасы токтотулган. Текшерүү учурунда айдоочунун милдеттүү камсыздандыруу полиси жок экени белгилүү болду. Унаанын ичинде кызматкерлер шашылыш медициналык жардамга муктаж адамды тапты.