Кыргызстандын 13-июлга карата аба ырайынын божомолу Кыргызгидромет тарабынан берилди. Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жамгыр жана гроза күтүлүүдө, ал эми Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт. Нарын облусунда күчтүү жамгыр болушу мүмкүн.
Күндуз өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүндө жамгыр жана гроза болот, айрым жерлерде күчтүү жаан-чачын күтүлүүдө. Шамал батыштан 4-9 м/с ылдамдыкта эсет, айрым жерлерде 15-20 м/с чейин күчөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түнү +18...+23
күндуз +31...+36
Суусамыр өрөөнү
түнү +2...+7
күндуз +19...+24
Талас облусу
түнү +16...+21
күндуз +29...+34
Баткен облусу
түнү +18...+23
күндуз +31...+36
Ош жана Жалал-Абад облустары
түнү +19...+24
күндуз +32...+37
Ысык-Көл облусу
түнү -11...+16
күндуз +23...+28
Нарын облусу
түнү +8...+13
күндуз +21...+26
Бишкекте түнү өзгөрмө булутту, жаан-чачын күтүлбөйт, бирок күндүз жамгыр жана гроза болушу мүмкүн. Шамал батыштан 4-9 м/с, 14 м/с чейин күчөйт. Түнкү минималдуу абанын температурасы +20...+22°, күндүз максималдуу температурасы +34...+36° болот.
Чолпон-Атада түнү жаан-чачын болбойт, күндүз айрым жерлерде жамгыр жана гроза болот. Шамал батыштан 4-9 м/с ылдамдыкта эсет. Түнкү минималдуу температура +14...+16°, күндүз максималдуу температура +24...+26° болот.
Ысык-Көл көлүнүн түндүк жээгиндеги суу температурасы 11-июлда күндүз +22,2°, ал эми 12-июлда эртең менен +20,4° болду.