
Бишкек шаардык мэриясынын Экологиялык кеңешинин жыйынында кээ бир шаардык автобустарда кондиционерлердин жоктугу боюнча курч маселе талкууланды. Жыйынга коомдук транспорт менен келген катышуучулардын бири жайкы ысыктан улам мындай сапарларды мүмкүн болушунча качууга аракет кылганын белгиледи.