Кыргызстанда биздин замандын II–III кылымына таандык байыркы музыкалык аспапты калыбына келтиришти. Аркайык деп аталган арфага окшош аспап мындан үч жыл мурда Ысык-Көлдөгү коргондордун биринен табылган. Археологдордун белгилешинче, аркайык көчмөндөрдүн мурасы, буга чейин 1947-жылы Алтайда табылган. Анын жети кылдуу версиясын уста Нурадин Абдразаков калыбына келтирсе, 24 кылдуусу Алтайдын эл артисти Ногон Шумаров ойногон ядаган аспабынын үлгүсүндө жасалган. Эки аспапты калыбына келтирүү ишин...