Бишкектин батышында жаңы автобекет. Курулуш кандай жүрүүдө (сүрөт жана видео)
Бишкектин батышында жаңы автобекеттин курулушу активдүү жүрүп жатат. Чатырды орнотуу иштери аяктады, имарат терезеленип, учурда тегерек аймакты көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Проект жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү көздөйт: күтүү залдары, мейманкана, тамактануу жайлары, ошондой эле 50-60 автоунаа токтотуучу жай пландалууда.