Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматы акын Аскат Жетиген уулунун ден соолук абалы жана тамактануусунун начардыгы тууралуу интернетте тараган ушактарды четке какты.
ГСИНдин маалымат кызматынын маалыматына ылайык, акын үзгүлтүксүз пландалган медициналык текшерүүлөрдөн өтүп турат. Соңку текшерүү 2026-жылдын 2-мартында өтүп, ошол учурда Аскат өзүнүн ден соолук абалына нааразычылык билдирген эмес.
Учурда Аскат Жетиген уулунун ден соолугу канааттандырарлык деп бааланууда. Ал медициналык бөлүмгө ден соолугунун начарлашы боюнча арызданган эмес.