Кыргызстанда электрондук чакыруу жана аскер билеттери киргизилет


Кыргызстанда жарандарды аскердик каттоого, медициналык текшерүүдөн өткөрүүгө жана аскер билетин алууга биринчи жолу санариптик форматка өтүү пландалууда. Бул өкмөттүн токтому боюнча долбоор коомдук талкууга чыгарылган.