Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер электр энергиясын өндүрүүдө күн, шамал, суу жана атом энергиясын көбүрөөк колдонууга басым жасашууда. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев билдирди.