Түндүк Американын үч өлкөсүндө өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалында ойной турган командалар аныкталды. 12-июлга караган түнү чейрек финалда Англия Норвегияны 2:1 эсебинде утту. Таңга маал болгон дагы бир чейрек финалдык беттеште Аргентина Швейцарияны жеңди. Оюндун негизги убакыты 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган. Кошумча берилген убакытта аргентиналыктар эки гол киргизип (111-мүнөт, 121-мүнөт), жарым финалга чыгышты.Бир күн мурда болгон чейрек финалдык оюндарда...