
Бүгүн, 12-июлда, Альтернативдүү авто жолдун 232-келометрине селдик агым түшүп, кыймыл токтоду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана байланыш министрлиги маалымдады.
Министрликтин маалыматына ылайык, окуя болгон жерге тез арада атайын жол кызматтарынын техникасы жөнөтүлдү. Учурда трасса жарым-жартылай тазаланды жана транспорттун кыймылы бир тараптуу калыбына келтирилди.