Бишкекте 14 кабаттуу үйдүн курулушу өрттөн кийин токтотулду
Бүгүн, 12-июлда, Бишкекте 14 кабаттуу турак жайдын курулуш объектинде өрт чыкты. Окуянын натыйжасында курулуш иштер токтотулуп, компанияга айыппул салынды. Бул тууралуу Архитектура жана курулуш контролунун мамлекеттик департаменти маалымдады.

Маалыматтарга караганда, өрт Саякбай Каралаев көчөсүндө, 60-үйдө, саат 17:00 чамасында чыккан. Өрт 12-кабатта, чогултуу иштеринин учурунда, опалубка күйүп кеткенде башталган.