Россияда Коллективдүү коопсуздук келишими уюмунун (ОДКБ) биргелешкен машыгууларын уюштурууга арналган экинчи штабдык сүйлөшүүлөр аяктаган. Жыйында коргоо министрликтеринин өкүлдөрү "Взаимодействие-2026" аттуу Коллективдүү ыкчам жооп берүү күчтөрү (КСОР) менен командалык-штабдык машыгуу пландарын, ошондой эле "Поиск-2026" жана "Эшелон-2026" атайын машыгууларын макулдашышты. Бардык иш-чаралар Россиянын Куралдуу Күчтөрүнүн "Центр-2026" стратегикалык командалык-штабдык машыгуусунун максаттарына ылайык келиши керек.
Сүйлөшүүлөрдө катышуучулар башкаруу органдарынын структурасын, улуттук контингенттердин курамын жана практикалык аракеттерди өткөрүү тартибин такташты, ошондой эле маневрларды камсыздоо маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары, сентябрь жана октябрь айларында өтө турган негизги иш-чаралар үчүн "Чебаркульский" полигонунда жерди изилдөө жүргүзүлдү.