Нарын облусунун Ат-Башы районунда сел агызып кеткен унаадагы адам аман-эсен куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Нарын облустук башкармалыгы кабарлады.Маалыматта айтылгандай, 12-июль күнү саат 20:30 чамасында кыска мөөнөттө жааган нөшөрлүү жаандын кесепетинен Ат-Башы айыл аймагындагы Баш-Кайыңды жана Ача-Кайыңды айылдарынын ортосундагы сайдан сел жүргөн.Окуя болгон жерге Ат-Башы райондук №45 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу, Ат-Башы райондук мамлекеттик...