
Жекшембинин түнүндө Америка Кошмо Штаттарында, Канадада жана Мексикада өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатынын чейрек финалдык этаптары аяктады. Эми турнирдеги жарым финалдык матчтардын бардык катышуучулары белгилүү болду.
Жарым финалдык парлар төмөнкүдөй аныкталды:
- Франция - Испания (14-июль, Даллас);
- Англия - Аргентина (15-июль, Атланта).
Бул дүйнө чемпионаты уникалдуу болуп калды, анткени алгачкы жолу 48 улуттук команда катышууда жана ал үч өлкөнүн аймагында өтүүдө. Турнирдын финалы 19-июлга белгиленген. Азыркы учурда дүйнө чемпиону Аргентина командасы болуп саналат.