
Селдик агымдын кесепетинен айдоочусу менен бирге унаа агып кетти, аны куткарууга мүмкүн болду
12-июлда кечинде Нарын облусунун Ат-Башы районунда күчтүү кыска мөөнөттүү жамгырдан улам сел түштү. Окуя тууралуу маалыматты Кыргызстандын ТЖМ тастыктады.
Окуя тууралуу билдирүү мекемеге болжол менен 20:30да келип түштү. Окуя болгон жерде ТЖМ кызматкерлери, жергиликтүү бийлик жана башка адистештирилген кызматтар иштеп жатат.
Учурда кырдаалды баалоо жана табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө.
Алдын ала маалыматтар боюнча, турак үйлөргө зыян келген жок. Селдик агым менен агып кеткен унаанын айдоочусун куткарып, коопсуз жерге эвакуациялоого мүмкүн болду.
Учурда Ат-Башы - Озгөрүш унаа жолу эки тараптан убактылуу жабык.
Жолду тазалоо үчүн атайын техника тартылган.
сүрөт www