Учурда №27 түзөтүү мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан акын Аскат Жетиген абактан кат жазып, ден соолугу начарлап кеткенин билдирди.Анын катын укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова 12-июлда социалдык баракчасына жарыялап, Аскат Жетиген катты адвокаты аркылуу берип жибергенин жазды. Абдирасулованын атына жазган катында акын башы ооруп жатканын айткан."Убакыт азайган сайын күндүн өтүшү жайлап жаткандай сезилет. Негизинен абалым жакшы болгону менен, ден соолугум начарлап жатат. Балким...