Мобилдик "Менин шаарым" тиркемесинде "Түнкү рейстер" аттуу жаңы опция пайда болду, бул колдонуучуларга түнкү убакта коомдук транспорттун иши тууралуу актуалдуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан маалымат келди.

Тиркеменин жаңы бөлүмүндө колдонуучулар түн ичинде каттаган автобустардын маршруттары менен таанышып, өздөрүнө эң ыңгайлуу болгон сапарды тандай алышат.