
Бангкокто барда чыккан өрттөн 27 адам каза болду. Бул тууралуу Тайланддын өрт-куткаруу кызматы Facebook аркылуу маалымдады. Окуя Сой Латпхрао көчөсүндө, жергиликтүү убакыт боюнча 23:57де болгон. Жапа чеккендердин арасында 9 эркек жана 18 аял бар, ал эми отту өчүрүүгө жарым саат убакыт кеткен.
Reuters маалыматтарына ылайык, 63 адам жаракат алган, алардын 22си оор абалда. Тайланддын премьер-министри Анутхин Чанвиракун кырсык болгон жерге барып, каза болгондордун көбү түтүндөн уулануу себептүү өлгөнүн билдирди. Учурда полиция жана соттук-медициналык адистер окуянын себептерин иликтеп жатышат.