Жаштардын Кыргызстан волейбол боюнча курама командасы бүгүн, 13-июлда, Кытайда өтүп жаткан 18 жашка чейинки оюнчулар арасында Азия чемпионатында экинчи оюнун өткөрөт. Бул беттеште Бакыт Алиевдин жетекчилигиндеги команда Тайланд волейболчулары менен жолугушуп, оюн Бишкектин убактысы боюнча 14:30да башталат.

Турнирдин биринчи турунда кыргыз спортчулары Пакистан курама командасынан 0:3 эсебинде жеңилип калышты. Өз кезегинде, тай командасы дебюттук оюнунда Казакстанды 3:1 эсебинде жеңди.