
Муниципалдык ишкана «Цифрдык технологиялар борбору» Кыргызстандын борбор шаарынын тургундары жана коноктору үчүн цифрдык кызматтарды активдүү өнүктүрүп жатат. «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинде «Түнкү рейстер» жаңы функциясы пайда болуп, түнкү убакта коомдук транспорттун иши тууралуу маалыматты ыкчам алууга мүмкүнчүлүк берет.
Учурда түнкү маршруттарды № 3, 13, 16, 19, 35, 45 жана 55 автобустары тейлеп жатат. Бул жаңылык шаар ичинде кечки жана түнкү убакта кыймылдашууну жеңилдетип, коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган.